Лукашенко: Рахмон Кыргызстан менен чек ара маселесинде жылыш бар экенин айтты

Буга чейин Садыр Жапаров Кыргызстан Тажикстан менен чек ара көйгөйүн жаңы жылга чейин бүтүрө турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө олуттуу жылыштар бар экенин айтты. Бул тууралуу Беларусь президенти Александр Лукашенко ЖККУ саммитинде билдирген.
Ал Еревандагы ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын кеңейтилген жыйынында сөз сүйлөдү.

"Эмомали Шариповичтин айтканына караганда, Кыргызстандын президенти менен чек ара маселесин сүйлөшүүдө жылыш бар. Эгер биз чыныгы жоопкерчиликтүү уюм болобуз десек, анда бул чыр-чатакты жоюш керек. Биз өз чөйрөбүздө бул маселелерди чечип алдыга жыла албасак, анда колубуздан эмне келет? Ошондуктан бул багытта олуттуу кадамдар жасалышы керек", —деген Лукашенко.

Буга чейин Садыр Жапаров Кыргызстан Тажикстан менен чек ара көйгөйүн жаңы жылга чейин бүтүрө турганын айткан.
Тажикстан менен чектешкен Төрт-Көчө аймагына нейтралдуу макам ыйгарылмакчы