Радио

Курманова: экологиянын бузулушу — климатты өзгөртчү негизги фактор

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология агенттигинин жетектөөчү адиси, синоптик Айгерим Курманова кыштын алгачкы айында аба ырайы кандай болорун айтып берди.
Sputnik
Кыргызгидромет кыш мезгилинин жалпы үч айында кандай аба ырайы болорун айта албайт. Болгону бир айга алдын ала божомол жасап, абанын температурасы жана жаан-чачындын аномалиясы аныкталат. Бул тууралуу Айгерим Курманова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, экологиянын бузулушу климаттын өзгөрүшүнө таасир эткен негизги фактор болууда.
"Агенттик алдыдагы бир жумага божомолдонгон аба ырайынын беш күнү тууралуу 95 пайызга чейин так маалымат берсе, калганы консультативдик мүнөздө берилет. Алсак, кыштын алгачкы мезгили декабрда жамгыр жана кардын көлөмү нормага жакын болушу күтүлүүдө. 2021-жылы кар көчкү боюнча 17 шашылыш билдирүү таратсак, анын 98 пайызы божомолдогудай болду. Быйыл жалпы жонунан беш кар көчкү катталды. Декабрда абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болот. Маалыматтар өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан стационардык жана автоматтык метеостанциялардан чогултулат. Кыргызгидрометтин аба ырайы тууралуу берген болжолдуу маалыматтары 95 пайызга чейин туура чыгат. Божомолдоолорду берүүдө агенттик Казакстандын Гидрометеорологиясы менен тыгыз иш алып барат", — деди Курманова.
Ал өлкө аймагы боюнча аба ырайы тууралуу маалыматты бир гана ӨКМге караштуу Гидрометеорологиялык агенттик берерин кошумчалады.