Республика боюнча 2800 үй-бүлөгө бизнес баштоо үчүн 100 миң сомдон берилди

Гранттык каражат "Социалдык контракт" долбоорунун алкагында берилүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Республика боюнча 2800 үй-бүлө жеке бизнесин баштоо үчүн 100 миң сом өлчөмүндө грант алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Билдирмеге караганда, муктаж үй-бүлөлөргө каражат "Социалдык контракт" долбоорунун алкагында берилген.
1 / 2

Республика боюнча 2800 үй-бүлө жеке бизнесин баштоо үчүн 100 миң сом өлчөмүндө грант алды.

2 / 2

Муктаж үй-бүлөлөргө каражат "Социалдык контракт" долбоорунун алкагында берилген.

Министрлик долбоордун буга чейинки катышуучулары айыл чарба, кызмат көрсөтүү, тигүү иши, үй чарбасы, соода тармактары боюнча ишкерликти бир нече айдын ичинде эле ийгиликтүү ишке ашырып жатканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, аталган долбоор үстүбүздөгү жылдын башында башталган. Буга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги долбоор 2023-жылы да уланып, аз камсыз болгон 10 миң үй-бүлөгө бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берүү пландалып жатканын билдирген.
Кийинки жылы аз камсыз болгон 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет