Пресс-борбор

Кыргызстан буудайды Казакстандан эмес Россиядан көп алды. Себеби

2021-жылдын тогуз ай аралыгында Кыргызстан Казакстандан 82,5 тонна буудай алган, бул жылы тогуз ай ичинде анын көлөмү 3,5 тоннаны түздү.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстан быйыл буудайды негизинен Россиядан алды, ал эми Казакстандан импорттолгон буудайдын көлөмү бир кыйла азайган. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирип, аны Россиянын буудайы арзан экендиги менен түшүндүрдү.
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков
Министр Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Айыл чарба министрлиги 26 миллиард сомду кайда жумшады жана кийинки жылга карата пландар" аталышындагы брифингге катышкан.
Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсүнө ылайык, ушул жылдын тогуз ай аралыгында өлкөгө импорттолгон буудайдын көлөмү мурдагыдай эле (дээрлик 150 миң тонна), бирок буудай алуунун структурасы өзгөргөн.
"Быйыл жыл башынан бери импорттолгон буудайдын дээрлик баары Россиядан алынды. Былтыр Кыргызстан сырттан алган буудайдын жарымынан азы эле Россияга туура келчү. Ал эми Казакстандан өткөн жылы 82,5 миң тонна буудай келген болсо, быйыл ал көрсөткүч 3,5 тоннага түштү", — деди Жаныбеков.
Министрдин айтымында, бул жылы Кыргызстанда буудай жакшы түшүм берди, ал орулуп бүткөн соң Казакстандан импорттун көлөмү азайды.
"Ошол эле учурда Россиянын буудайы бир кыйла арзан, сапаты боюнча Казакстандыкынан ашса ашат, бирок кем калбайт. Ошол үчүн Казакстандан алынган буудайдын көлөмү 80 миң тоннадан 3 миң тоннага азайды. Россиядан болсо буудайдын бизге жетишсиз бөлүгүн алып жатабыз", — деп билдирди министр.
Пресс-борбор
Дыйкан картошканы канча сомдон сатса киреше ала алат? Министрдин жообу