Пресс-борбор

Дыйкан картошканы канча сомдон сатса киреше ала алат? Министрдин жообу

Бул жылы Кыргызстанда 1,2 миллион тонна картошка жыйналды, азырынча анын 22 миң тоннасы гана экспорттолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстандан 22 миң тонна картошка экспорттолду. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн жыйында билдирди.
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн жыйында
Октябрь айынын орто ченинде министр Казакстан, Өзбекстанда картошка өткөн жылга салыштырмалуу арзан болуп жатканын айткан. Анда ал Алматы шаарында картошканын килограммы 15 сомдон 23 сомго чейин сатылып жатканын белгиледи.
"Быйыл картошка өткөн жылга караганда 2 миң гектарга көп айдалып, андан 1 миллион 243 миң тонна түшүм алынды. Бирок азырынча 22 миң тоннадайы экспорттолду, анын жарымы Өзбекстанга, калганы Россия менен Казакстанга жөнөтүлдү. Албетте, картошканы экспорттоо иштерин күчөтүү зарыл. Коңшу өлкөлөрдө картошка арзан болуп жатат. Бирок түшүм жыйноо мезгили аяктады, эми ал кымбаттайт. Картошка бар, ага суроо-талап да бар. Болгону биздин дыйкандар үчүн пайдалуу баа боло турган убакытты күтүү керек. Менин эсебимде картошканын дүң баасы килограммына 16 сомдон болушу керек, аны айдоого да чыгым кетет да", — деди Жаныбеков.
Министр дыйкандар картошканын килограммын 15 сомдон жогору сатканда гана киреше аларын белгиледи.
Быйыл Кыргызстанда кайсы өсүмдүктөр мол түшүм берди? Тизме