БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын таланттуу футболчуларын Эл аралык футбол федерациясынын FIFA Talent Development Scheme ("Жаш таланттарды өнүктүрүү") программасынын алкагында даярдоо башталат.
Кыргызстандын футбол союзунун (КФС) маалыматы боюнча, өткөн аптада FIFA уюмунун бир катар адистери өлкөгө келген. Делегациянын курамында уюмдун аймактык техникалык консультанты Гайоза Дарсадзе, машыктыруучу жана программа менеджери Даниел Лимонес менен Брайс Асебал бар.
Бул программанын принциби — ар бир таланттуу оюнчуга мүмкүнчүлүк берүү жана узак мөөнөттүү өнүгүүсү үчүн шарт түзүү.
Эл аралык федерация футболдун экосистемасына анализ жүргүзүп, бул программаны пилоттук түрдө ишке ашыруу үчүн дүйнөнүн жети өлкөсүн – Коста-Рика, Венесуэла, Бенин, Түштүк Африка, Финляндия, Фиджи аралдары жана Кыргызстанды тандап алган.
Делегация өспүрүмдөр жана жаштар курама командаларынын машыктыруучулары менен баарлашып, футбол инфраструктурасы менен таанышып, бир катар беттештерди көрүштү.