Радио

Жапаров: убактылуу кармоочу жайларда жана түрмөлөрдө кыйноолор азайды

Кыйноолорго каршы улуттук борборунун көзөмөл жана координациялоо бөлүмүнүн адиси Камалдин Жапаров өлкөдө адам укуктарын сактоодо учурда деле көйгөйлөр бар экенин айтты.
Sputnik
Шектүү же кылмышкер болобу, анын да мыйзам чегинде өзүнүн укуктары бар. Коомчулук аны ур-токмокко алуу же кыйноого жол берилүүсүн катардагы көрүнүш катары кабылдабашы шарт. Мындай пикирин Камалдин Жапаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери шектүү же кылмышкерди кыйнап, ур-токмокко алса көп учурда жазага тартылбай калат.
"Кыйноолорго каршы улуттук борбордун түзүлгөнүнө 10 жыл толду. Бул аралыкта өлкөдө укук маселесинде жылыштар бар. Албетте, бул биздин гана эмгек эмес. Акыйкатчы институту жана башка тиешелүү органдар менен бирдикте жасалып жаткан кадамдардын жыйынтыгы. Мисалы, биз өз ишмердүүлүгүбүздү жаңы баштаган жылдары күч түзүмүнүн кызматкерлери шектүүнү же кылмышкерди көз көрүнөө эле ур-токмокко ала беришчү. Азыр ага жол беришпейт. Бирок ошентсе да кыйноолор такыр жоголуп кетти дегенден алыспыз. Көбүнесе жасабаган кылмышты да ал кишиге жүктөп коюуну максат кылып кыйноолорго барышат. Бул бир четинен ошол ур-токмокко алган күч түзүмдөрүнүн адистеринин жазага тартылбай жатканынан болууда. Экинчиден, ошол жердеги жетекчисинин кылмыштуулукту азайтуу боюнча жүргүзгөн саясатынан да көз каранды. Ур-токмокко албай башкача методдорду колдонуу менен тергөө жүргүзүүнү талап кылган күч органдарынын жетекчилери да жок эмес, бирок аз. Андыктан бул багытта аталган багыттагы мамлекеттик кызматкерлерге окутууларды, түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл", — деди Жапаров.
Ал ошол эле учурда убактылуу кармоочу жайлардын жана абактардын абалы да талапка жооп бербей, кармоо шарты кыйноого тете болуп жаткан жайлар бар экенин кошумчалады.