Нарышкин Американын КМШда чыр-чатак чыгаруу аракети тууралуу айтты

Ал АКШ, Батыш мамлекеттеринин аракетинен өнүгүп келе жаткан Украина коррупцияга малынган мамлекетке айланганын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Россиянын Тышкы чалгын кызматы АКШ жана Батыш мамлекеттеринин КМШ мейкиндигинде чыр-чатак чыгаруу аракеттерине дайыма көз салып турат. Бул тууралуу аталган кызматтын директору Сергей Нарышкин Душанбеге болгон иш сапарында билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Украинадагы кырдаал Батыштын дал ушундай бүлүндүргөн ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жаралган. Ал АКШ, Батыш мамлекеттеринин аракетинен өнүгүп келе жаткан Украина коррупцияга малынган мамлекетке айланганын кошумчалаган.
"Атайын кызматтарыбыздын башкы тапшырмасы биздин мамлекеттердин аймагында Батыш өлкөлөрүнүн чыр-чатак чыгаруу аракеттерине каршы туруу болуп саналат", — деген ал.
Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директорун кабыл алды