Радио

Сүрөтчү: чет элдиктер абстракттуу картиналарга кызыгышат

Кыргыз эл сүрөтчүсү Сүйүтбек Төрөбеков чет элдиктер менен кыргыз элинин сүрөткө болгон табитинин айырмачылыгын айтып берди.
Sputnik
Кыргызстанда сүрөтчүлөрдүн эмгектери чет элдиктерге кымбатыраак сатылат. Бул тууралуу Сүйүтбек Төрөбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сүрөттүн маанисин терең түшүнгөн адамдар сапаттуу картиналарды сатып алууга аракеттенишет.
"Чет элдик жарандар менен өзүбүздүн элдин сүрөткө болгон табити ар башка. Айырмачылыктар, албетте, бар. Байкашымча башка өлкөдөн келген туристтер абстракттуу картиналарга көбүрөөк кызыгышат. Кыргыздар болсо жайлоо, боз үй сыяктуу жаратылышта тартылган картиналарды сатып алышат. Ошондой эле бизде белекке сүрөт бергендер да абдан көп. Чет элдиктерге картиналар кымбатыраак, ал эми биздикилерге арзаныраак сатылат", — деди сүрөтчү.
Ал эң мыкты сүрөттөр сүрөт саткан жайларда эмес чеберканада сакталарын кошумчалады.