БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова борбор калааны таштанды басып калганын айтып, министрлер кабинетинин төрагасынан мэрди карап коюшун талап кылды.
"Мэриңер эмне иш кылып жатат билбейм. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин маянасы жогорулады деп аябай жарнама кылышты эле. Бирок Бишкектин кайсы районуна барба таштанды толуп кетти. Тазалап алып чыккан адам жок болуп жатат. Министрлер кабинетинин төрагасы, мэриңизди чакырып ушул маселени карап койбойсуңарбы", — деп кайрылды депутат президенттин парламенттеги өкүлүнө.
Ошондой эле ал таштанды таштоочу урналар дагы кароосуз ар жерде жатканын кошумчалады.