Тойго бараткан. Баткенде жол кырсыгынан 8 киши көз жумду

Жол кырсыгына кабылгандар Баткен районунун Бужум айылынын тургундары экени маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Баткенде сегиз адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталганын Баткен облустук ЖКККБнын маалымат катчысы Бектемир Мамытов билдирди.
Анын айтымында, 22-ноябрь күнү саат 21:00дөр чамасында Баткен — Ош жолунун 212-чакырымында, Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын тушунда Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобус менен Opel Vectra үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кагышкан.
Баткенде сегиз адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды
"Кырсыктан сегиз адам каза болуп, жаракат алган бир киши ооруканага жеткирилген", — деди Бектемиров.
Маалыматта каза болгондордун алтоо Opel Vectra автоунаасында, экөө кичи автобуста экени айтылды. Алты киши Бужум айылынын тургундары экени маалым болду. Айылдаштарынын айтымында, алар Кадамжай районуна турмушка узап жаткан кызынын тоюна бара жаткан бир бүлөнүн мүчөлөрү эле.
Айдоочу каршы тилкеге чыккан. Жалал-Абадда жол кырсыгынан 6 адам каза болду