Бала никесиз төрөлсө да атасы атын берсин. Депутат мыйзам чыгарууну сунуштады

Эл өкүлү аталаш бир тууган уул-кыздар бири-бирин билбей үйлөнүп алышы мүмкүн деп тынчсызданууда.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Баласы кандай шартта төрөлбөсүн, ага биологиялык атасынын фамилиясын милдеттүү түрдө бериш керек. Мындай сунушун Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, өзүнүн атасы фамилиясын бербей коюп, бала таятасына же башкага жазылат. Кийин ал чоңойгондо атасынын башка аялынан төрөлгөн кызга билбей үйлөнүп калышы мүмкүн.
Ал мындай тынчсыздануусун билдирип, санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыровго кайрылды.
"Ушул боюнча мыйзамга өзгөртүүнү алып келгиле, себеби кийин биздин генофондго зыяны тиет. Балага атасынан башканын фамилиясын бербеш керек. Ошондо жоопкерчиликсиздик менен төрөлүп калган балдарга бир аз чек коюлат. Каалайбы же каалабайбы, бөбөк атасын билүү зарыл. Бойго жеткенде өзүнүн атасынан төрөлгөн кызга үйлөнүп албагандай болсун. Ойлоп табылган фамилия болбошу шарт. Ал баланы жараттыбы, коркпой фамилиясын берсин", — деди Сулайманов.
Белгилей кетсек, учурда жаңы төрөлгөн ымыркайга нике күбөлүктүн негизинде атасынын фамилиясы берилет. Эгер ал документи жок болсо апасынын фамилиясына жазылат.
Радио
Жуматаева: багарынан ажыраган балдарга пенсияны 18 жашка чейин төлөө каралууда