Президенттин иш башкармалыгы Бакировду эмнеге кабинеттен чыгарганын айтты

Иш башкармалык депутатка башка кабинет сунушталганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров кабинетинен оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу чыгарылган. Бул туурасында Президенттин иш башкармалыгы депутаттарга жолдогон катында айтылат.
Бүгүн эртең менен депутаттар кабинет чуусу боюнча иш башкармалыктын жетекчисин чакырган болчу. Бирок ал иш сапарда болгондуктан кат түрүндө жооп берип, аны президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов окуп берди.
"Жогорку Кеңештин жетекчилеринин жана фракция лидерлеринин иш алып баруусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү жана жакшыртуу үчүн 14-ноябрда комиссия түзүлгөн. Дем алыш күндөрү кабинетти оңдоп-түзөө максатында депутат Өмүрбек Бакировго 7-кабаттын №705 кызматтык бөлмөсүн бошотуп берүү тууралуу кабарлама берилген. Ага №637 кызматтык бөлмө сунушталган, бирок алар каршылык көрсөтүп, алуудан баш тартты", — деп жазылган катта.
Ошондой эле Абытов иш башкармалыктын жетекчиси иш сапарда жүргөнүн, ал эми кабинеттен чыгарууга кол койгон орун басарын ЖКга чакырса келбей койгонун белгиледи.
Өз кезегинде экс-спикер Талант Мамытов парламент менен Президенттин иш башкармалыгын бириктиргенде жакшы шарттарды түзүү максаты болгонун эске салды. Бирок аларга депутаттардын кабинетин бөлүштүрүү укугу берилбегенин белгиледи.
"Иш башкармалык болгону биз оңдоп бер деп кат берсек карашы мүмкүн. Бирок бир тараптуу келип, "бошот", "сен тиякка-биякка отур" деп айтканга акысы жок. Бул өз кызматынан аша чапкандык болуп саналат", — деди Мамытов.
Көпкө созулган талаш-тартыштан кийин эртеңки жыйында кабинет чуусун биринчи кезекте карай турган болушту.
Вице-спикер Сыдыгалиев: кабинеттен кууса эле кете бересиңерби, чыкпай отургула