БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жакынкы жылдары өлкөнү өзүндө өстүрүлгөн тамак-аш продукциясы менен 85 пайызга камсыздоо маселеси турат. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik маалымат агенттигинде өткөн брифингде билдирип, талуу жерин да атады.
Төмөндө министрдин сөзүн тезис менен келтиребиз. Мында кеп Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүк тууралуу болууда.
социалдык жактан маанилүү деп эсептелген азыктардын ичинен өсүмдүк майы боюнча маселе бар. Былтыр өлкөнүн май менен өзүн-өзү камсыздоосу 11-12 пайызды түзгөн. Быйыл айдоо аянты көбөйтүлгөндүктөн керектөөнүн 20-25 пайызы жабылат;
эт — өлкө өзүн 100 пайызга камсыздайт;
жумуртка — 2025-жылы 85 пайызга жетет;
ун азыктары — былтыртан тарта камсыздоо 40тан 75 пайызга өстү;
кумшекер — 2021-жылы өлкө 45 миң тонна өндүрсө, быйыл 62 миң тоннадан ашат. 2024-жылга карата камсыздоо 85-90 пайызга жетет;
сүт, картошка, жашылча-жемиш — өлкө толугу менен өзүн камсыздап, экспортко да чыгарат.
"Жалпы жонунан алып караганда, 2024-жылга карата өзүбүздөн чыккан азык-түлүк менен өзүбүздү 85 пайызга камсыздап калабыз", — деди министр.
Баа тууралуу
Министр 2023-жылы азык-түлүк тартыштыгы болбой турганын белгиледи.
"Биз рынок шартында жашап жатабыз, бирок баа асмандап кетпеши үчүн бардык мыйзамдуу аракеттерди көрөбүз", — деди Жаныбеков.