Кызгылт сары рубикон: Украина бөлүнүп-жарылууга кадамды кантип жасаган?

Украинанын жаза басышына мындан 18 жыл мурда жаңылыш кадам жасалган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. 2004-жылы 22-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы жеңишти экинчи турда (49,42 пайыз) Виктор Януковичке ыйгарган. Россия, КМШнын байкоочулары аны мыйзамдуу деп тааныган.
Sputnik Ближнее зарубежье төмөнкү тарыхый учурларга токтолду:
Анткен менен Украинада укук жаатындагы маселе мыйзам жолу менен эмес, көчөдө чечиле баштаган.
АКШ менен ЕБ өлкөлөрү шайлоонун жыйынтыгы жасалма болгондугун бир ооздон айтышкан.
Киевде расмий жеңилген Ющенконун тараптары борбордук аянтка чыгып, аны өздөрүнө жеңүүчү деп аныктап алышты.
Ак үй шайлоонун алдындагы эки жыл ичинде аталган өлкөдөгү "демократиянын өнүгүшүнө" 65 миллион доллар коротконун жашырган жок. Ошентип оппозицияга берилчү акча Польша-Америка-Украинанын кызматташуу демилгеси аркылуу багыт алып турган.
Кызгылт сары түстү алып жүргөн бул нааразылык Жогорку Соттун Украинадагы шайлоо жыйынтыгынын жокко чыгарылышына алып келди.
Өлкөнүн тарыхында биринчи ирет кайра шайлоо дайындалып, ал ошол эле жылдын 26-декабрында өттү. Анда батышка ыктаган Ющенко сегиз пайыз алдыга чыгып, жеңип кетти.
Euro RSCG & Partners берген маалыматтарга караганда, анын үй-бүлөсү кийинки жылы эле "кызгылт сары" символиканы сатуудан 100 миллион доллар тапкан.
Зеленскийдин тактыдагы бир жылы. Украина президентинин ишмердигине сереп