БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Сауд Арабиясынын курама командасы Футбол боюнча дүйнө чемпионатында күчтүүлөрдүн ана башында турган Аргентинанын командасын жеңип алды.
Эске салсак, дүйнө чемпионаты мурдагы күнү Катарда башталды.
Аргентина — Сауд Арабия беттеши C квартетиндеги биринчи болду, ушул эле топто Польша менен Мексика командалары бар. Алар кечирээк ойнойт.
Алгач аргентиналыктар оюн талаасында артыкчылык кыла баштап, беттештин 10-мүнөтүндө Лионель Месси ачкан. Пенальти ийгиликтүү болгон. Бул дүйнө чемпионатындагы жетинчи голу. Биринчи таймда Мессинин кесиптеши Лаутаро Мартинес эки топ киргизгени менен офсайддан улам алар жокко чыгарылган. Биринчи тайм ошентип 1:0 эсеби менен латын америкалыктардын пайдасына аяктаган.
Оюндун экинчи жарымында болуп көрбөгөндөй өзгөрүү байкала баштап, 48-мүнөттөгү Аль-Шехринин голу араб командасынын демин бир топ көтөрдү. Беш мүнөттөн кийин аргентиналыктардын дарбазасына саудиялык оюнчу Аль-Давсаринин тепкен тобу кирип, эсеп 2:1 болду.
Анткен менен кошумча берилген мүнөттөр аргентиналыктарга жардам бере алган жок.