Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директорун кабыл алды

Жолугушууда коопсуздук тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкинди кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Анда коопсуздук тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашкан. Жапаров эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда жетишилген макулдашуулар эки тараптуу мамилелерди бекемдей турганына ишеним арткан.
“Эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин сактоодо улуттук коопсуздук органдарынын кызматташуусу маанилүү роль ойнойт. Бул тиешелүү тажрыйба, маалымат алмашууга мүмкүндүк берет жана, эң негизгиси, аймактагы коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоодо биргелешкен аракеттерди жана умтулууну координациялоого көмөк көрсөтөт”, — деди Жапаров.
Нарышкин өз кезегинде мамлекет башчысына Россиянын президенти Владимир Путиндин саламын жана жылуу каалоолорун жеткирген.
Ошондой эле ал эки өлкө ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеп, Борбор Азия чөлкөмүндө жана Евразия мейкиндигинде туруктуулук жана коопсуздук эки мамлекеттин бирдиктүү позициясынан көз каранды экенин кошумчалаган.
Садыр Жапаров эртең ЖККУ сессиясына катышуу үчүн Арменияга жол тартат