Садыр Жапаров эртең ЖККУ сессиясына катышуу үчүн Арменияга жол тартат

Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 23-ноябрда ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Арменияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
"Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат. Сессиянын алкагында ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Армениянын уюмга кандай төрагалык кылгандыгы боюнча жыйынтык чыгарып, Беларусь төрагалык кылган учурдагы ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат угушат", — деди Азымбакиев.
Ал ЖККУга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы шериктештикти бекемдөөгө, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалып жатканын кошумчалады.
9-декабрда Бишкекте ЕАЭБ лидерлеринин саммити өтөт