Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

МАГАТЭ эксперттери ЗАЭСтин аймагы бир топ жабыркаганын айтты

Агенттик станциянын негизги жолуна жана темир жолго ракеталык соккулар урулганын аныктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Өзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Запорожье атомдук электр станцияларынын Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аткылоосунан жабыркаган жайларын карап чыгып, ага чоң зыян келтирилгенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Адистер радиоактивдүү эмес заттын агып чыккан конденсаттарын сактоочу резервуарлардын бузулганын, станциянын реакторлорунун негизги көчөсүнүн боюна жана иштебей турган темир жолго ракеталык соккулар урулганын аныкташты", — деп айтылат маалыматта.
МАГАТЭ белгилегендей, станциянын негизги жабдыгы жабыркаган эмес, андыктан өзөктүк коркунуч боюнча маселе жок.
Россиянын Коргоо министрлиги Украина аскерлери ишемби жана жекшемби күндөрү 20дан ашык чоң калибрлүү өзөктүк снаряддар менен ЗАЭС аймагына жана аны өткөргөн линияларга сокку урганын билдирген.
Өткөн аптада МАГАТЭнин Башкаруучулар кеңеши Россияны станциядан чыгып кетүүгө жана ага ээлик кылууда "жөнү жок нааразычылыктардан" баш тартууга чакырган резолюция кабыл алган.
Бул документти 35 өлкөнүн 24ү жактырган, каршы добушту Москва жана Пекин берди. Мамдуманын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий өзөктүк станция Россиянын аймагында жайгашкандыгын жана өлкөнүн энергетикалык системасынын бир бөлүгү болуп калганын жүйө келтирип, резолюцияны аткарылбай турган чечим деп атаган.
Запорожье АЭСи — блокторунун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири станция. Март айынан тартып аны россиялык аскерлер күзөтүп турат. Россия ТИМи бул өзөктүк жана радиоактивдүү материалдардын сыртка чыгып кетүүсүн болтурбоо үчүн керек деп белгилеген. Буга карабай украиналык аскерлер улам-улам станцияны да, ага жакын жайгашкан Энергодар шаарын да аткылап келишет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Запорожьеде жолдорду калыбына келтирүү иштери күнү-түнү уланууда