Чет өлкөлүк валюта операциялары КР банктарына олуттуу киреше алып келди

Январь-сентябрь айларында экономиканын финансы секторунда 603 уюм иштеди. Анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 565 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 14 камсыздандыруу компаниясы бар.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Быйылкы жылдын тогуз айында чет өлкөлүк валюталар менен болгон операциялардан коммерциялык банктардын кирешеси көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Январь-сентябрь айларында экономиканын финансы секторунда 603 уюм иштеди. Анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 565 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 14 камсыздандыруу компаниясы бар.
"Финансы уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйүү менен 75 миллиард сомго жакындады. Бул негизинен банк секторунун кирешелеринин өсүшү менен камсыздалды", — деп айтылат билдирүүдө.
Жалпысынан айтсак, тогуз ай ичинде финансы ишканаларынын 67 пайызы пайда алып, 13 пайызы чыгым тартты.
Кыргызстанда казино ачуунун шарты өзгөрдү. Кимдерге лицензия берилет?