Радио

Куткаруучу: адамды аман алып калыш үчүн өмүрүбүздү тобокелге салабыз

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын башчысынын орун басары Эрлан Мусуралиев куткаруучулук кызматта 12 жылдан бери эмгектенерин айтты.
Sputnik
Биздин ишибизде биринчи кезекте жеке коопсуздугубузду, андан кийин адамдардын коопсуздугун камсыздашыбыз керек. Бул тууралуу Эрлан Мусуралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Стимул" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, куткаруучулук кызматта 12 жылдан бери эмгектенет.
"Биз жумушта дайыма адамдын кайгысы, коркуу, көз жашы менен бетме-бет кез келебиз. Баары бизди өзгөчө кырдаал болгон жерге чакырышат. Албетте, ар бир окуя жан дүйнөбүзгө из калтырат. Ошондуктан психологдор куткаруучулар менен үзгүлтүксүз иштешет. Бирок биз жумушка басым жасап, аны так, дыкат аткарганга аракет кылабыз. Кесибим адамдарга жардам берүү мүмкүнчүлүгүн түзүп бергени менен жагат. Биздин жумуш кайталанма, бир өӊчөй дегендер жаңылышат. Көп учурда чоӊдордун кайдыгерлигинен же шалаакылыгынан кичинекей балдар кооптуу абалга тушукканда зээниӊ кейийт. Балдар аралашкан өзгөчө кырдаалдар куткаруучулар үчүн оор десек болот. Андан тышкары, адамдар тыюу салынган нерсени жасап, сууга чөгүп, агып же башка кыйын абалга кептелишет. Мындай учурда аларды куткарыш үчүн өз өмүрүбүздү тобокелге салабыз. Жок дегенде адамдын сөөгүн таап жакындарына тапшырганда гана жаныбыз жай ала түшөт. Сөөктү таппай калуу куткаруучу үчүн өтө оор нерсе", — деди Мусуралиев.
Ал ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматы издөө иштерин натыйжалуу жүргүзүү үчүн тик учак менен камсыздалганын кошумчалады.