Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Интернетте кыргызстандыктын Украинадагы видеосу тарап, УКМК үн катты

УКМКнын маалыматына караганда, К. у. А. 2021-жылдын декабрында Украинага эмгек мигранты катары аттанган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кыргызстандык К. у. А. аттуу жарандын видеоролигине комментарий берди.
"Буга чейин социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда УКМКнын кызматкерлери бул өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерди чагылдырган аккаунтту аныктап, анын ээси кыргызстандык К. у. А. экенин тастыктаган. Ыкчам маалымат боюнча, ал 2021-жылдын декабрь айында эмгек мигранты катары Украинага кеткен. Буга байланыштуу УКМК бул жарандын билдирүүсү Кыргызстандын расмий бийлигинин позициясына каршы келерин билдирет. Эске салсак, Кыргызстан Россия менен Украинанын ортосундагы окуяларда бейтараптуулукту карманат", — деп жазылган таратылган маалыматта.
Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси ("КР жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерге катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү" ) боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканы маалым болду.
УКМК кыргызстандыктардын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга, согуштарга катышуусу, согуштук аракеттерге катышуу көндүмдөргө жана көндүмгө ээ болууга багытталган террордук же экстремисттик кылмыш жасоо кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуучу жосун болуп саналарын эскертти.
Мындай учурда беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат. Ал эми ошол эле жосундар алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу жана уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө темир тордун ичине отургузуу каралган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кыргызстандыктарды Россия атайын операцияга азгыруудабы? КР бийлиги төгүндөдү