Индонезияда зилзаладан көз жумгандардын саны 268ге жетти. Жүрөк ооруткан сүрөттөр

Зилзаладан кийин жер да көчүп, бир айылды басып калган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Индонезиянын Чианджур аймагындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 268ге жетти. Бул тууралуу РИА Ноости кабарлады.
1 / 9

Индонезиянын Чианджур аймагындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 268ге жетти

2 / 9

Бул тууралуу РИА Ноости кабарлады

3 / 9

Маалым болгондой, бул аймакта мектеп-интернаттар көп болгондуктан көз жумгандардын көбү балдар

4 / 9

Аз дегенде 377 адам жаракат алып, 31и дайынсыз болууда

5 / 9

2 300 үй толугу менен талкаланып калган

6 / 9

Мындан тышкары, зилзаладан кийин жер да көчүп, бир айылды басып калган

7 / 9

РИА Новости зилзаладан кийинки жүрөк ооруткан көрүнүштүн сүрөттөрүн жарыялаган

8 / 9

Анда топурак алдында калган үй, автоунааларды, ыйлаган балдарды, бири-бирине жардам берген адамдарды көрүүгө болот

9 / 9

Индонезиянын Чианджур аймагындагы болгон жер титирөө

Маалым болгондой, бул аймакта мектеп-интернаттар көп болгондуктан көз жумгандардын көбү балдар.
"Аз дегенде 377 адам жаракат алып, 31и дайынсыз болууда. 2 300 үй толугу менен талкаланып калган. Мындан тышкары, зилзаладан кийин жер да көчүп, бир айылды басып калган", — деп жазылат кабарда.
РИА Новости зилзаладан кийинки жүрөк ооруткан көрүнүштүн сүрөттөрүн жарыялаган. Анда топурак алдында калган үй, автоунааларды, ыйлаган балдарды, бири-бирине жардам берген адамдарды көрүүгө болот.
150 кишинин тебелендиде калган өлүмү. Сеулдагы каргашанын хронологиясы