Автоинспектор айдоочуну өлтүргөн окуя: өкүм чыкты

27-августта Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын инспектору айдоочуну өлтүргөнү маалым болгон. Бул иш боюнча дагы үч киши тергөөдөн өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын мурдагы кызматкери Жакупбек Дуулатбек уулу айдоочуну өлтүргөн деп аныкталып, 16 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алган.

Бишкекте айдоочуну өлтүргөн окуя

Өткөн жылдын 27-августунда Свердлов райондук сотуна Бишкектин Жибек Жолу проспекти менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде, ошол аймактагы мечиттин жанында эркек кишинин ок жегени боюнча маалымат түшкөн.
Ал жерде 1989-жылы туулган Чыңгыз Абдыраевди ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын кенже инспектору көкүрөгүнөн жарадар кылганы белгилүү болгон. Окуя видеокөзөмөл камераларына түшүп калган. Дагы үч кызматкер кылмыштын изин жашырган деп шектелген.
Сот Дуулатбек уулун Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" жана "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 16 жылга эркинен ажыратуу менен жазасын түзөтүү колониясында өтөө жана 3 жыл бою укук коргоо органдарында иштөөгө тыюу салган.
Ошондой эле быйыл дагы үч айыпталуучу: Юлия Сафоновага, Абдималик Бекматовго жана Эламан Базаркул уулуна өкүм чыгарылган. Алардын баары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп табылып, ар бири жети жыл алты айга эркинен ажыратылган, бирок үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө алынгандыктан камактан бошотуу чечими кабыл алынган.
Мыйзам жаш-карыга, аял-эркекке бирдей. Прокурор камоолор тууралуу