Чүй менен Таласта мектеп директорлорун тандоо сынагы кайрадан өттү

Чүйдө дагы 21 мектеп директору тандалбай калды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Чүй, Талас облустарында кайрадан өткөн директорлорду тандоо сынагынын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялары улуттук борборунан билдирди.
Компьютердик тестирлөөгө Чүй облусу боюнча 84 талапкер катышып, алардын ичинен 37си алтымыш пайыздан жогору көрсөткүч менен ийгиликтүү тапшырган. Жалпы жонунан 58 бош орунга ат салышкан. Натыйжада дагы 21 мектеп директору тандалбай калды.
Алгач Чүйдө 108 талапкер документ тапшырып, анын ичинен 86сы тестке катышууга чакыруу алган.
Ал эми Талас облусунда өткөн сынакка 26 талапкер катышып, 14ү босого баллдан өткөн. Башында конкурска 34 талапкер табыштама берсе, жетөөнүн документтери талапка жооп бербейт деп табылган.
Таласта 14 бош орун бар болчу, баары тандалып бүттү.
Алты облуста мектеп директорлору үчүн сынак кайсы күндөрү болору айтылды