Баткен шаарына биринчи жолу алты автобус алып келинди. Сүрөт

Коомдук транспорттор алты жылдык мөөнөткө лизинг аркылуу алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Баткен шаарынын тарыхында биринчи жолу алты автобус алып келинди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.
Анын айтымында, автобустарды Айыл банк тарабынан алты жылдык мөөнөткө лизинг аркылуу алышкан. Алар Баткен шаарынын калкын тейлөөгө жумшалат.
“Автобустарды туура пайдалансак, өзүнөн түшкөн акчанын эсебинен алты жылда өзүн-өзү каржылоого болот. Мындан сырткары, Дүйнөлүк банк тарабынан да Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 миллион доллар каражат бөлүнгөн. Анын алкагында Баткен, Кадамжай жана Раззаков шаарларын өнүктүрүү жагы да каралган”, — деди Алимбаев.
Ошондой эле ал Баткен шаарындагы “Манас” комплекси жана шаардагы эс алуучу эки парк да оңдолорун белгиледи.
Өзбекстандан алып келинген 50 автобус Ош шаардык мэриясына өткөрүлдү. Сүрөт