Радио

Мамытов: санарип баалуу кагаздар менен кризистен чыкса болот

Экономист Улукман Мамытов санарип баалуу кагаздарды колдонуу менен кандай пайда көрсө боло турганын түшүндүрүп берди.
Sputnik
Санарип баалуу кагаздардын көмөгү менен карызын (салык, насыя, бюджеттик төлөмдөр) төлөй албай калган кыйын кырдаалдан чыкса болот. Бул тууралуу Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, санарип баалуу кагаздар накталай каражатты үнөмдөөгө шарт түзөт.
"Финансы министрлиги салыкты санарип баалуу кагаздар менен жапса болорун жар салды. Бул демилге мурдатан көтөрүлүп келе жатат. Ал үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүү зарыл. Бул мамлекеттик органдарга карыз төлөй албай калган кыйын кырдаалдан чыгууга шарт түзөт. Мисалы, өлкөдө бир мамлекеттик орган экинчисинен, экинчиси үчүнчүсүннө, ал эми үчүнчүсү биринчисинен карыз алып айлампа болгон учурлар бар. Ал эми аны төлөш үчүн каражат жок болуп калат. Мындай жагдайда баалуу кагаздарды төлөм каражаты катары өткөрө берүү зарыл. Ошондо кризистен чыгууга шарт түзүлөт. Бул долбоор мамлекеттик органдардын ортосунда гана иштей турганы белгилүү. Бирок реалдуу секторго дагы колдонулса кыйла жылыштар болот. Бул кризистик учурдан чыгуунун эффективдүү жолдорунун бири, төлөмдүн көлөмүн көбөйтүп, ошол эле учурда накталай акчаны үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт", — деди Мамытов.
Ошондой эле ал баалуу кагаздарды келечекте маяна катары таратууга да жол ачыларын кошумчалады.