Конгрессмен: Байдендин бүлөсү 50 мамлекетте бизнес жүргүзүүгө аракет кылган

Жеймс Комер буга чейин Байденге карата иликтөө жүргүзүлө турганын убадалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын көзөмөл комитети президент Жо Байдендин үй-бүлөсү 50дөн ашык мамлекетте бизнес жүргүзүүгө аракет кылганын аныктады. Бул тууралуу комитеттеги Республикачылар партиясынын өкүлү Жеймс Комер билдиргенин РИА Новости жазды.
"Көзөмөл комитети Байдендин үй-бүлөсү бизнес кылууга мүмкүнчүлүк издеген 50дөн ашык мамлекетти аныктады", — деп жазган ал Twitter баракчасына.
Буга чейин Комер "Байдендин үй-бүлөсү эл аралык бизнес-схемаларга катышканбы, АКШ лидери улуттук коопсуздук үчүн тобокелчилик жаратпайбы?" деген суроолордун негизинде иликтөө жүргүзүлөрүн убадалаган. Бирок азыркы президенттен көрсөтмө алуу кыйынга турарын моюндаган.
Конгрессмен болжолдогондой, АКШ президентинин уулу Хантер дүйнө жүзү боюнча бизнес-байланыштарга кирип, үй-бүлө мүчөлөрү менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берип коюп гана миллионер болуп кетиши ыктымал.
Мындан тышкары, конгрессмен Хантер Байден адам саткандар менен байланышта болушу мүмкүн экенин айтып, буга далил болчу фактылар ноутбукта сакталганын кошумчалаган.
2020-жылдын октябрь айында New York Post гезити Хантер Байдендин ноутбугунан табылды деген материалдарды жарыялаганы маалым. Андагы сүрөттөр Хантер Байдендин кылмыш чөйрөсүнө, тагыраагы, наркотрафик жана сойкулукка аралашканын көрсөтүшү мүмкүн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Жо, акча кана?" Трамптын уулу Байден менен Зеленскийдин сүйлөшүүсүн келекеледи