Радио

Чекиров: Кыргызстанда 93 миң турак жай камсыздандырылды

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уюштуруу иштери жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Чекиров өлкөдө 93 миң турак жай камсыздандырылганын маалымдады.
Sputnik
Турак жайларды камсыздандыруу муктаждык жана зарылчылык болууда. Бул тууралуу Нурсултан Чекиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, камсыздандыруу милдеттүү жана ыктыярдуу болуп бөлүнөт.
"Кыргызстан тоолуу аймак болгондуктан жаратылыш кырсыктары көп болууда. Андан бир айыл толугу менен жабыр тарткан учурлар кездешет. Ошондуктан турак жайларды милдеттүү камсыздандырууну ишке ашыруу зарыл. Компания уюшулгандан бери калк арасында камсыздандыруу зарыл экени түшүнүктүү болуп калды. Себеби кырсыкка учураган жаран камсыздандыруу полиси менен кенемте алып, көйгөйүн чечип алууда. Ошол эле учурда башка жаран камсыздандырбай кырсык менен жалгыз калып калууда. Насыя алып турак жайын оңдоп-түзөөгө мажбур болууда. Ошондуктан камсыздандыруу учурда муктаждык жана зарыл болууда. Учурда 93 миң турак жай камсыздандырылган. Өлкөдө милдеттүү жана ыктыярдуу болуп камсыздандыруунун эки түрү бар. Турак жайды табигый кырсыктан, жумушчуларды, жүргүнчүлөрдү, оор жана кооптуу жүктөрдү камсыздандыруу милдеттүү болуп саналат. Ал эми ыктыярдуу болсо мал-мүлкүн, ден соолугун ж.б. камсыздандыра берсе болот. Камсыздандыруу үчүн жылына 1200 сом болуп, компаниянын жоопкерчилиги миллион сомго чейин чыгат. Ал эми айылда камсыздандыруу полиси 600 сом, 500 миң сомго чейин кенемте төлөнүп берилет", — деди Чекиров.
Ошондой эле жакында автомобилдерди камсыздандыруу милдеттүү боло турганын кошумчалады.