Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Жо, акча кана?" Трамптын уулу Байден менен Зеленскийдин сүйлөшүүсүн келекеледи

АКШ президентинин администрациясы Украинага жардам көрсөтүү үчүн жалпы 52,4 миллиард доллар бөлүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын уулу Жон Трамп Instagram* баракчасына мем чыгарып, Киевге каржылык жардамдардын жаңы пакети чогултулуп жатканын шылдыңдады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Шакаба катары жасалган сүрөт коллажда Украинанын президенти Владимир Зеленский Американын лидеринен "Жо, кана менин акчаларым?" деп сурап жатканы жазылган. Ага "Сарсанаа болбо, менин 87 000 салык инспекторум акчаны азыр чогултуп берет" деп жооп берген Жозеф Байден.
Трамптын уулу посттун астына комментарий калтырып, ал жөн гана пародия экенин айткан.
"Бирок мен бардык акыл-эси менен ой жүгүрткөн адам катары чынында эле ушундай болсо да таң калбайм", — деп жазган Жон.
Жазында конгресс АКШ президентинин администрациясына Украинага аскердик жана экономикалык жардам көрсөтүү үчүн 40 миллиард доллар бөлүп берген. Ал эми октябрда Байден бул максатта дагы 12,4 миллиард доллар которуу тууралуу мыйзамга кол койгон.
* Meta (Facebook жана Instagram) Россияда экстремисттик компания катары ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Washington Post: Зеленский Вашингтондун башын айлантууда