Садыр Жапаров Токаевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Жапаров боордош казак элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, шайлоодогу жеңиши менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров Токаевдин жеңиши казак элинин колдоосу менен ишениминин маанилүү көрсөткүчү экенин белгилеген. Шайлоонун жыйынтыгы анын жаңы мамлекетти курууга, экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана казак элинин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган саясий багытын колдой турганын тастыктаганын кошумчалаган.
"Садыр Жапаров Казакстан президентине чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми боордош казак элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады", — деп айтылат маалыматта.
Телефон менен сүйлөшүү учурунда өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы келечегин, аймактык кызматташтык маселелерин, ошондой эле ушул жылдын 9-декабрында Бишкекте өтө турчу Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына даярдыктарды талкуулашкан.
Белгилей кетсек, Казакстан БШКсынын алдын ала тараткан маалыматы боюнча, Касым-Жомарт Токаев шайлоодо добуштардын 81,31 пайызын алып, жеңишке жетти.
Казакстан БШКсы Токаев шайлоодо жеңишке жеткенин расмий билдирди