Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Песков: россиялык туткундарды өлтүргөндөрдү Москва өзү издейт

Министрлик "кыйноо көргөн жана өлтүрүлгөн ар бир туткун үчүн" жоопкерчиликти Украина президенти Владимир Зеленский жана башка бийлик өкүлдөрү тарта турганын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Москва россиялык аскер туткундарын атып өлтүргөн украиналык согушкерлерди издөөгө өзү киришет. Бул тууралуу Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды.
Кылмышкерлер жазаланышы керектигин белгилеген Песков Москва майнаптуулугуна көз жете турган болсо туткундардын атылышы боюнча ишти эл аралык иликтөөгө даяр экенин кошумчалаган.
"Россия эл аралык механизмдердин алкагында аталган кылмышка көңүл бурдуртуп, тиешелүү тараптын баарын жоопкерчиликке тартуу үчүн колунан келген аракетти көрөт", — деди Песков.
Туткундалган россиялык жоокерлердин Украина Куралдуу күчтөрү тарабынан өлтүрүлүшү тартылган видеокадрлар 18-ноябрда тараган. РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, украиналык аскерлер 10 кишини атайылап башка атып өлтүргөн. Ведомство бул украин армиясынын ичинде кеңири тараган практика экенин белгилөөдө.
Министрлик "кыйноо көргөн жана өлтүрүлгөн ар бир туткун үчүн" жоопкерчиликти Украина президенти Владимир Зеленский жана башка бийлик өкүлдөрү тарта турганын эскертти.
РФ Тергөө комитети аталган окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. Тиешелүү органдар эл аралык уюмдарга кайрылып, россиялык туткундардын өлүмүн иликтөөнү талап кылышууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
NYT россиялык аскерлерди аткан видео чын эле болгон окуя экенин билдирди