БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Атайын операция учурунда Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн милдеттерин аткарууга салым кошкон ыктыярдуу кошуундарга кирген адамдар согуштун ардагерлеринин статусун алышат. Тиешелүү мыйзамга президент Владимир Путин кол койгонун РИА Новости билдирди.
Мыйзам атайын аскердик операциянын жүрүшүндө Россиянын Куралдуу күчтөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууга көмөктөшүүчү мамлекеттик бийлик органдарынын чечими менен түзүлгөн ыктыярдуу кошуундарга кирген жарандар үчүн согуштун ардагеринин статусун белгилейт. Мындан тышкары, документ ыктыярдуу кошуундарга кошулуп, алган жаракатынан улам майып болуп калган адамдарга согуштук майып статусун белгилейт.
Мыйзам 2022-жылдын 24-февралынан тартып, келип чыккан укуктук мамилелерге карата колдонулат.
Ошондой эле Россияда ноябрь айынын башынан бери ыктыярчыларды аскер кызматкерлерине теңеген мыйзам күчүнө кирди. Тиешелүү социалдык гарантиялар жана компенсациялар аларга жана үй-бүлө мүчөлөрүнө колдонулат жана акчалай жөлөк пул ошол эле кызматтардагы подрядчылардыкынан төмөн болбоого тийиш.