Эми орун басарлар да саясий кызматты ээлейт. Ага кимдер кирет?

Жарлыкка ылайык, президент, өкмөт башчы тарабынан дайындалган жетекчилер саясий кызматка отурат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик органдардагы бир катар жетекчилик кызматтар саясий кызматка которулду. Бул туурасында жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы билдирди.
Жарлыктын максаты бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу экени белгиленди. Ага ылайык, эми жетекчинин орун басарлары дагы саясий кызматкер болуп аталат.
Бул номенклатурага төмөнкү кызматтар кирет:
министрдин орун басары, мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, президентке караштуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (президенттин түздөн-түз карамагында), министрлер кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчисинин орун басары, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисинин орун басары;
мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчиси (президент, министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары);
мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары (президент, министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары).
Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эми айрым адамдар мамлекеттик кызматка бара албай калат. Мыйзам долбоору