Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

NYT россиялык аскерлерди аткан видео чын эле болгон окуя экенин билдирди

Америкалык журналисттер видеону спутниктен тартылган кадрлар менен салыштырып, анын Макеевкада жасалганы анык деген жыйынтыкка келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. New York Times гезити Макеевкада туткунга алынган россиялык аскерлерди аткылаган окуя чын эле болгондугун тастыктады. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Басылма бул видео "согуштун төбө чачты тик тургузган көптөгөн учурларынын бирине сейрек бир көз караштан туруп баам салууну сунуштаарын" жазды. Макаланын авторлору дүйнө коомчулугуна тарап, жүрөк үшүн алган видеону спутниктен тартылган кадрлар менен салыштырып, анын Макеевкада жасалганы анык деген жыйынтыкка келишкен.
"Адамдын укугу үчүн күрөшкөн дарыгерлер" деп аталган уюмдун медицина боюнча кеңешчиси Рохини Хаара көлчүк болуп калган кан туткундарды жаткан жеринен өйдө кылып же аларга жардам кылуу боюнча эч кандай аракет жасалбагандыгынан кабар берерин билдирди. Ал россиялык туткундар жерде жаткандыгын, кыязы, курал-жараксыз болгону же колдорун желкесине алдырып анан кылмыш жасалганы боюнча божомолун айткан.
"Алар катардан чыгарылгандар же некомбатанттар, туткунга алынгандар болгон деп эсептелүүдө", — деп тактады Хаара.
Аскер кылмыштары боюнча эксперт Ива Вукушич "эл аралык кылмыш сотунун тергөөчүсү окуя көңүл борборунда болгондуктан, бул учурду карап иликтеп чыгарын" билдирген.
Эксперт Украина бийлигинде иликтөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин айтып, аларды чыккан жыйынтыктарды ачык бөлүшүүгө чакырган.
Буга чейин РФтин Коргоо министрлиги украиналык аскерлер Россиянын туткунга түшкөн 10 аскер адамын өлтүрүп салгандыгын кабарлаган. Жума күнү согушкерлердин жерде жаткан аскерлерди аткылап жаткан видеосу тараган. Адам укуктары боюнча кеңештин төрагасы Валерий Фадеевдин билдиргенине караганда, бул кандуу окуя Макеевкада болгон. Аталган кеңеш Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарына, ЕККУга, Европа кеңешине, Amnesty International уюмуна, Кызыл Чырым эл аралык комитетине жана башка уюмдарга жүрөк үшүткөн видеону расмий түрдө жөнөткөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
БУУ Россиянын туткунда өлтүрүлгөн аскерлери боюнча билдирүүнү иликтөөгө чакырды