Эми айрым адамдар мамлекеттик кызматка бара албай калат. Мыйзам долбоору

Документти Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга орношо албай турган адамдарды аныктоону сунуштап жатат.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгеледи.
Жаңычылдыгы — коррупциялык иштерге аралашкан адамдарга мамлекеттик же муниципалдык кызматтарга жолду бууп коюу. Мында соттуулугу жоюлган-жоюлбаганы роль ойнобойт.
Ошондой эле мамлекеттик кызматтан негативдүү негиздер менен бошотулган адамдардын реестрин түзүү каралууда. Кийин аны мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын кадрдык резервин түзүүдө колдонсо болот.
Пресс-борбор
Калп аныктагыч, реестр. Мамкызматкерлерди коррупциядан тазалоо жолдору сунушталды