КР спортчулары муай-тай боюнча дүйнө чемпионатында 6 медаль тагынды

Спорттук иш-чара 23-ноябрга чейин созулмакчы. Кыргызстандыктар өлкөгө 26-ноябрда кайтышат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын спортчулары Таиландда өтүп жаткан муай-тай боюнча дүйнө чемпионатында 6 медаль тагынды.
Маалым болгондой, Ильяс Абдулин жана Альберт Бактыбеков коло медаль алса, Данияр Өмүрбеков, Айдар Каныбеков жана Анжелика Акылбек кызы күмүш медалдын ээси болгон. Тимур Кутанов болсо алтын алып, дүйнө чемпиону аталды.
Алдыда Никита Цой, Али-Хан Эргешов, Виктория Маликова, Александр Вавилов, Жаныбек Бейшенбек уулу жарым профессионалдар арасында беттешет.
Спорттук иш-чара 23-ноябрга чейин созулмакчы. Кыргызстандыктар өлкөгө 26-ноябрда кайтышат.
Кыргыздын эки балбаны АКШдагы турнирде бири-бири менен күрөшүүдөн баш тартты. Видео