Казакстанга 42 млн. сомдук контрабандалык товар алып өтмөк болгондор кармалды

Чек арачылар товардын баарынын документи жок экенин аныкташкан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. УКМКга караштуу Чек ара кызматы өлкөдөн эсепке алынбаган жүктү мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт койду. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Чүйдөгү "Кең-Булуң" өткөрмө бекетинен Volvo үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. 42 жаштагы айдоочу Казакстанга багыт алганын билдиргени айтылды.
Чек арачылар машинанын ичинен документи жок товарлардын ири партиясын аныктаган:
40 миң көз айнек;
30 300 флакон парфюмерия;
көз айнек салынуучу 6 300 куту;
көз айнекке кам көрүүчү каражат — 4 800 даана;
2 500 флакон крем;
1 000 нымдуу майлык;
380 кол чатыр.
Алдын ала маалымат боюнча, кармалган жүктүн жалпы баасы 42 миллион сомду түзгөн.
ИИМ: Бишкекте 3 млн. долларга бааланган 56 кг метамфетамин табылды. Сүрөт