Радио

Итибаев: туризмден түшкөн киреше ИДПнын 20 пайызын түзүшү керек

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун эл аралык мамилелер жана инвестициялар боюнча башкаруучу директору Кайрат Итибаев өлкөдө туризм тармагынын мүмкүнчүлүктөрү зор экенин айтты.
Sputnik
Быйыл өлкөнүн ички дүң өндүрүшүндө туризмдин үлүшү төрт пайызга жакындап, 2019-жылдагы көрсөткүчкө жетейин деп калды. Бирок бизде мындан да жогорку көрсөткүчтөрдү багындыруу мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Бул тууралуу Кайрат Итибаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, алдыдагы беш жылда туризм тармагынан түшкөн кирешени ички дүң продукциянын 10 пайызына жеткирүү пландалууда.
"Учурда туризмдин ички дүң продукцияга кошкон салымы төрт пайызга жакындап калды. Жарым жылдын жыйынтыгы менен 3,1 пайызды түзгөн. Эгемендүүлүктүн тарыхында эң жогорку көрсөткүч 2019-жылы катталган, анда ИДПнын беш пайызынан ашыгыраак көрсөткүчкө жеткенбиз. Тилекке каршы, баарыбызга белгилүү себептерден улам бул тармак катуу жабыркаган. Ошондуктан азыр туристтик багыт өзүнүн көз карашын өзгөртүп, ички туризмге басым жасоодо. Буюрса, алдыдагы беш жылдыкта туризм кирешесин ички дүң продукциянын 10 пайызына жеткиребиз. Ал эми жалпысынан алганда, эгер бул жаатта күжүрмөн эмгектер жасалса, ИДПнын 20 пайызын туризмден келип түшкөн акчага жеткирсе болот", — деди Итибаев.
Ал Кыргызстанда медициналык туризмди өнүктүрүүгө зор мүмкүнчүлүктөр бар экендигин кошумчалады.