Грозныйдын борборунда полиция кызматкерин бычактаган кылмышкер дароо өлтүрүлдү

Кадыров киши колдуу болгон полиция кызматкеринин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Грозныйдын борборунда полиция кызматкерине бычак менен кол салган кылмышкер жок кылынды. Бул тууралуу Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Telegram-каналы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, кылмышкер инспектор даарат алуу үчүн намазканага кеткенде кол салып, бычактаган. Ал полициянын курал-жарагы менен окуя болгон жерден из жашырууга аракет кылганда атып өлтүрүлгөнү маалым болду.
"Тартип коргоо кызматкерлери кылмышка тиешеси барларды аныктап, кылмыштын себептерин тактоодо. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча, бандит бул ишке жалгыз барган. Учурда анын ким экендиги такталып жатат", — деген Кадыров.
Ал көз жумган полиция кызматкеринин жакындары жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айткан.
Жалал-Абадда адам өлтүргөнгө шектүү Москвадан кармалды