9-декабрда Бишкекте ЕАЭБ лидерлеринин саммити өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 9-декабрда Евразиялык жогорку экономикалык кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстан лидери Касым-Жомарт Токаевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган маалыматта аталган отурум тууралуу кабарланган.
"Мындан тышкары, өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы келечегин, аймактык кызматташтык маселелерин, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында Бишкекте өткөрүү белгиленген Евразиялык жогорку экономикалык кеңештин алдыдагы жыйынына даярдыктарды талкуулашты", — деп айтылган маалыматта.
Кезектеги саммит Бишкекте өтөт, Кожошев — ЕЭК министри. Жыйынтык