БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Украинага жөнөтө турчу курал-жарактын кору түгөнө баштаганы АКШ жана Европа өлкөлөрүн убайымга салууда. Бул тууралуу Washington Post басылмасына таянып РИА Новости жазды.
"Батыш оор кырдаалга кабылды. Курал-жарактын көбү буга чейин берилген. Эми Европанын мамлекеттери запасын карап, казып чыгышы керек", — деген гезиттин ишенимдүү маалымат булагы.
Анын айтымында, курал-жарак жетишсиздиги боюнча маселени чечүүгө узак убакыт жана стратегиялык иш-аракеттер талап кылынат. Басылманын ишенимдүү маалымат булагы ошол эле учурда Москвада аскердик техника жетиштүү экенин белгилеп, заводдор 2-3 нөөмөт менен иштээрин кошумчалаган.
24-февралда Украинада атайын операция башталган. Ал эми февраль айынын орто ченинде абалдын курчушунан улам Донбасс республикаларынан карапайым калкты масштабдуу эвакуациялоо күч алган.
Украинага курал-жарак жеткирилгени үчүн Москва буга чейин НАТО өлкөлөрүнө нота жөнөткөн. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров НАТО өлкөлөрү Украинага курал жеткирем деп "от менен ойноп жатканын" билдирген. Ал эми президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинага курал-жарак жеткирүү орус-украин сүйлөшүүлөрүн кечеңдетип жатканын айткан.