БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Балыкчы шаарынын Озерная көчөсүндө жайгашкан үй өрттөнүп, үй ээси каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, бүгүн, 21-ноябрда, таңкы саат 06:00 чамасында турак жай күйүп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал жерге өрт өчүрүүчү бир бригада барып, саат 06:50дө жалын чектөөгө алынып, 08:50дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен иске ууланып 50 жаштагы М.Н.В. аттуу үй ээси каза болгонун билдиришкен.
Тамдын 64 чарчы метр чатыры жана ичиндеги буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.