БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүнүн Үзөңгү-Кууш аймагында аңчылык базасына жакындап келген аюуну видеого тартып алышкан. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады.
Кадрдан Тянь-Шань күрөң аюусу деп аталган ири жырткычтын эл турган жерден (аңчылык база – ред.) өтө алыс эмес аралыкта, адамдар жашаган жакты да кылчактап карап кетип бара жатканын көрүүгө болот.
Ал бир нече жерге чейин бейкапар басып барган. Абалаган иттердин үнүн уккан соң белести көздөй чуркаган жеринен видео үзүлгөн.
Жапайы жаныбарды камерага Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкерлери тартып алышкан.