Эмнеге тери кургап, тез карып кетет? Аялдар үчүн өтө маанилүү гормондор

Гормондордун жетишсиздиги организм үчүн дайыма стресс болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Эндокринолог Катя Янг эмне себептен тери кургап, бат карый турганын "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде түшүндүрдү.
"Гормондордун жетишсиздиги организм үчүн дайыма стресс болуп саналат. Анткени ички органдар жабыркайт, ар кандай өнөкөт оорулар пайда болот. Аялдарда этек кир цикли бузулат. Албетте, мунун баары сырткы көрүнүшкө, териге терс таасирин тийгизет", — деди адис.
Ошондой эле ал сулуулук жана саламаттык үчүн өтө зарыл гормондорду санап берди:
эстрогендер — кан тамырлардын ишин, чачтын өсүшүн, теридеги нымдуулукту сактоого жардам берет;
мелатонин — мээ караңгыда иштеп чыкчу уйку гормону. Мелатонин организмдин "биологиялык саатын" көзөмөлдөп, стресстен коргойт;
калкан безинин гормондору — бул гормондор денедеги дээрлик бардык зат алмашуу процессине катышат;
тестостерон — аялдын тукум улоо процессин жөнгө салып турат;
прогестерон — бойго бүтүү жана түйүлдүктү курсакта чоңойтууда чоң роль ойнойт.
Окумуштуулар спорттун кайсы түрү узак жашоонун булагы болорун аныктады