Коргоо министрлиги: армияда жанын кыйгандардын көбү — толук эмес бүлөдө өскөндөр

Депутат жоокерлер кызмат өтөөдө эмнеден кыйналып жатышканына кызыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов асынып же атынып алган аскер кызматкерлери эмнеге көбөйүп жатканын сурады.
Ага жооп берген коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов статистикага таянып, мурдагы 5-10 жылга салыштырмалуу өз жанын кыйгандар азайып жатканын билдирди.
Депутат андай болсо жоокерлер кызмат өтөөдө эмнеден кыйналып жатышканына кызыкты.
"Биздин анализдин негизинде тамак-аштан, кийим-кечеден кыйынчылыктар болгон жок. Мектептеги аскерге чейинки даярдыктарда болуп жатабы деп эсептейм. Психологиялык жактан даяр эмес. Терс көрүнүштөргө токтоло кетсек, бул толук эмес үй-бүлөлөрдө чоңойгон балдарда болууда. Ошондуктан психологиялык туруктуулугу жактанбы деп ойлоп жатабыз. Ал боюнча алдын алуу жумуштарын күчөттүк", — деди Карасартов.
Бекболотов: кызы шакегин кайтарганда атынып алган, ага Коргоо министрлиги күнөөлүүбү?