БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Доллардын курсу өткөн жуманын соңку күндөрү менен салыштырганда анча өзгөргөн эмес. Орточо эсеп менен алганда 15 тыйынга жогорулаган. Ал эми евро 1, 26 сомго көтөрүлгөн.
"Роснефть" май куюучу бекеттеринде күйүүчү майдын наркы кымбаттаган. АИ-92 майы 30 тыйынга, АИ-95 бир сомго жогорулаган. Дизель майы мурдагы баа менен эле сатылууда.
"Бишкекпетролеум" май куюучу бекеттеринде дизель майы бир сомго көтөрүлгөн.
Айрым алтын куймалардын баасы да өзгөргөн. 10 граммдык алтын куйма бүгүн 195 сомго, 100 граммдыгы 1995 сомго арзандаган.