БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. АКШ Киевге берип жаткан жардамын Украина Россия менен сүйлөшүүгө макул болгондон кийин гана улантышы керек. Бул тууралуу ЦРУнун мурдагы аналитиги Фред Флейтцтин айтканын РИА Новости жазды.
"Биз Украинадан тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуусун талап кылышыбыз керек. ...Бул чатактын соңуна чыгышын шарттап, ар дайым кыймылга келтирип, түрткүлөп турган процесс зарыл", — деп белгилеген ал.
Аналитик Украина АКШнын өтө маанилүү делген аскердик запастарын "четинен жеп" келгендигин белгилеген. Ал берилген каражатты Киев кандай кылып жумшап жаткандыгына жакшылап көз салышы керектигин айткан.
"Биздин Украинадагы соңу көрүнбөгөн чатакка аралашып кала беришибизди каалабайм", — деген Флейтц.
Батыш ЖМКларынын Киевдин Москва менен боло турчу диалогу боюнча жазганынан кийин Украина президенти Россия менен сүйлөшүүдө коюлуучу шарттар боюнча айта баштаган. Ал өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн кайтаруу жана чыгымдарды калыбына келтирүү туурасында болгон. Анткен менен Киев бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөстүгүн буга чейин расмий документ түрүндө бекемдеп алган жана Зеленский кеп-сөзгө келбей тургандыгын бир нече жолу кайталаган.
Москва Украинанын карама-каршылыктуу позициясын белгилеп, бирок ачык диалогго даяр экендигин, алдын ала эч кандай шарттарды койбостугун билдирген.