Келерки аптада Таласта аба ырайы кандай болору айтылды

Жума этегинде кар жаап, -2…+3 градуска чейин суук болот.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Талас облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, Талас облусунда аптанын башында жылуураак болуп, күндүз абанын температурасы 11...13 градуска чейин жетсе, жума этегинде кар жаап, -2…+3 градуска чейин суук болот.
21-22-ноябрь күндөрү жамгыр, кар жаай турганы айтылды. 23-26-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 27-ноябрга караган түнү күндүн көзү кайра бузулуп, кар жаашы ыктымал.
Катуу суук түшпөйбү? Бир жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы