БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Тайвань маселеси — Пекин менен Вашингтондун мамилесиндеги кызыл чек. Кытай жетекчиси Си Цзиньпиндин АКШ президенти Жо Байденге айткан бул сөзүн өлкөнүн ТИМи сайтына жарыялады.
Эки лидер Балиде өткөн G20 саммитинин алкагында жолуккан.
"КЭР башчысы Тайвань маселеси Кытайдын кызыкчылыктарынын өзөгү, саясий негизи жана эч ким кесип өтпөшү керек болгон кызыл чек экенин так көрсөттү", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Си Цзиньпин эл аралык мамиленин, ошондой эле кытай-америкалык үч коммюникенин нормаларын дыкат сактоо эки өлкөнүн алакасын коргоочу кепилдик болуп каларын белгилеген.
Тайвандын айланасындагы кырдаал август айында АКШнын Өкүдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин аралга келип кетишинен кийин курчуп кеткен. Кытай бул сапар тайвань сепаратизмин колдоого алат деп эсептеп сынга алган да, масштабдуу аскердик машыгуу өткөргөн. Россия президенти Владимир Путин Тайвань Кытайдын ажырагы бөлүгү экенин айтып, АКШ өкүлдөрүнүн аралга келишин чагымчылык деп атаган.
Пекин Тайвандын өз алдынчалуулугун тааныбайт, өз провинциясы деп эсептеп, дүйнөнү "Бирдиктүү Кытай" саясатын карманууга чакырып келет. АКШ бул принципти кагаз жүзүндө сактаганы менен арал менен жигердүү кызматташып, байма-бай курал-жарак жеткирип турат.